Бала бакчанын ачылышы келечекке болгон пайдубал.

Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Чет-Кызыл айылында  25 орундуу мектепке чейинки билим берүү уясы-“Чет-Кызыл” балдар бакчасы расмий түрдө ачылып,  пайдаланууга берилди.  Ачылыш аземге Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Жумагүл Сатыбалдыева, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов,  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлери, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты. Алгач сөз акимдин орун басары-Ж.Сатыбалдыевага  берилип,  ал айыл  тургундарына Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиевдин атынан куттуктоосун айтып,  жаны бала бакчанын ачылышы менен куттуктады. Андан сырткары мамлекет тарабынан  келечек муундардын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурулуп,  жогорку деңгээлде колдоолор болуп жатканын айтып өттү. Бала бакчага кошкон салымдары үчүн райондук билим берүү бөлүмүнө, демөөрчүлөргө, айыл өкмөткө жана айыл элине ыраазычылыгын билдирди.

Саамалык жогорку деңгээлде уланып,  Баткен райондук  билим берүү  бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов да куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Анын айтымында Баткен районунун аймагында учурда  49-бала бакча болуп,  “Чет-Кызыл” балдар бакчасы ачылгандыгын баса белгиледи.

Андан сырткары айыл аксакалдары жана айыл имамы өз батасын беришип,  ийгиликтерди каалашты.

Саамалык жогорку деңгээлде өтүп,  кичинекей  бөбөктөр тарабынан даярдалган ыр, бийлер жана “Манас” айтуу менен коштолду.

Жооп калтыруу