Кара-Бак айылдык Кенешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун
№19 ПРОТОКОЛУ
Кара-Бак айылы 06.03.2026-ж
Жыйынга төрагалык кылды: Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: Джолматов Р.А.
Катчы төраганын орун басары: Султанов Р.С.
Катышты:
Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары.
Тупчилов К.Т. Депутат, комиссиянын мүчөсү. Тайлаков М.Т. Депутат, комиссиянын мүчөсү. Туланова А.Т. Депутат, комиссиянынмүчөсү.
Абдиев. А.А. Депутат, комиссиянынмүчөсү.
Абдиллаева Р.Ж. Депутат, комиссиянын мүчөсү.
Качыбеков А. И. Депутат, комиссиянынмүчөсү.
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери.
Курбанов С. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Башкы бухгалтери.
Чакырылган коноктор.
Дилишатов А.У. Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы.
Жыйындын башында төрага күн тартибин сунуштап, депутаттардын добушуна коюлду. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
КҮН ТАРТИБИ:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалымат.
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.
- 2027–2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин божомол пландарын кароо жана бекитүү жөнүндө.
- Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын (спец.счет) калдыгын 2026-жылдын сметасына киргизүү жөнүндө.
УГУЛДУ:
Башкы бухгалтер С. Курбанов 2026-жылдын бюджеттик долбоору боюнча Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттарына 2026 -жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору тууралуу баяндама жасады.
Баяндамада белгиленгендей, 2026-жылга карата Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 39 274,3 миң сомду түзөт.
Анын ичинен:
- республикалык бюджеттен берилүүчү теңдөөчү грант – 17 682,2 миң сом (45%).
- жергиликтүү кирешелерден түшүүчү каражаттар – 21 592,1 миң сом(55%).
Ошондой эле кийинки жылдарга карата бюджеттин болжолдуу көрсөткүчтөрү сунушталды.
Ага ылайык:
- 2027-жылга карата бюджеттин жалпы болжолдуу көлөмү – 42 076,7 миң сом,
- 2028-жылга карата бюджеттин болжолдуу көлөмү – 45 140,7 миң сом болушу күтүлүүдө.
Жергиликтүү бюджеттин 2026-жылга карата киреше булактары төмөнкүлөрдөн түзүлөрү маалымдалды:
- Киреше салыгы боюнча – 17 625,5 миң сом.
- Ыктыярдуу патент салыгы боюнча – 210,0 миң сом.
- Кыймылсыз мүлк салыгы боюнча – 113,2 миң сом.
- Тамарка салыгы (үй-жай салуучу жер) боюнча – 526,8 миң сом.
- Айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгы боюнча – 698,3 миң сом.
- Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн лицензияларды кармоо төлөмдөрү – 698,5 миң сом.
- Калктуу конуштардагы жерлердин ижара акысы – 97,0 миң сом.
- Жайыт жерлеринин ижара акысы – 350,0 миң сом.
- КБФ (кайра бөлүштүрүү фонду) жерлеринин ижара акысы – 1 156,5 миң сом.
- Таштанды жыйымдары боюнча төлөмдөр – 32,3 миң сом.
- Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуу боюнча төлөмдөр – 80,0 миң сом.
- Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдөөчү грант – 17 682,2 миң сом.
Жогоруда көрсөтүлгөн каражаттардын негизинде 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 39 274,3 миң сом болуп түзүлгөнү маалымдалды.
Андан соң айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгү боюнча толук маалымат берилди.
Айыл өкмөтүнүн аппараты боюнча чыгымдар:
- Кызматкерлердин айлык акысына – 13 493,2 миң сом.
- Социалдык фондго төлөмдөр – 1 944,2 миң сом.
- Сапар чыгымдары – 356,0 миң сом.
- Байланыш кызматтарына (интернет ж.б.) – 140,0 миң сом.
- Транспорттук кызматтарга, күйүүчү май жана запастык бөлүктөргө – 1 291,8 миң сом.
- Түрдүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн – 8 889,6 миң сом.
- Учурдагы ремонт иштерине – 2 801,5 миң сом.
- Күнүмдүк керектелүүчү товарларды жана материалдарды сатып алууга – 800,0 миң сом.
- Айыл өкмөтүнүн имаратын жылытуу үчүн көмүр сатып алууга – 109,6 миң сом.
- Коммуналдык кызматтар үчүн – 60,0 миң сом.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясына (ЖӨАБ) мүчөлүк төлөм – 107,0 миң сом.
- Резервдик фонд – 431,8 миң сом.
- Инвалиддерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам – 325,1 миң сом.
- Машина жабдууларын жана электр мамычаларын сатып алууга – 1 724,7 миң сом.
- Жаңы курулуштар жана курулмалар үчүн – 4 193,4 миң сом.
- Кредиттик төлөмдөрдү кайтарууга – 256,7 миң сом.
Жыйынтыгында 2026-жылы айыл өкмөтүнүн аппараты боюнча жалпы чыгашалар 31 287,2 миң сомду түзөрү маалымдалды.
Айылдык кеңеш боюнча чыгымдар:
- Кызматкерлердин айлык акысына – 2 984,5 миң сом.
- Социалдык фондго төлөмдөр – 449,0 миң сом.
- Сапар чыгымдары – 50,0 миң сом.
- Транспорттук чыгымдар (күйүүчү май) – 264,5 миң сом.
- Түрдүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр – 20,0 миң сом.
- Күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатып алууга – 80,0 миң сом.
Жалпысынан айылдык кеңештин чыгашалары 2 349,7 миң сомду түзөт.
Ошентип, 2026-жылга Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жалпы чыгаша бөлүгү 39 274,3 миң сом болуп түзүлгөнү маалымдалды.
Мындан тышкары, айыл аймактарында өткөрүлгөн коомдук угууларда жарандардан түшкөн арыздар, сунуштар жана кайрылуулар эске алынып, алар сметалык план-расшифровка баракчасында көрсөтүлгөнү белгиленди. Бул документ протоколго тиркелет.
Ошондой эле айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебинде (спец.счет) 2025-жылдан калган 386 400 сом каражат бар экени, бул каражатты 2026-жылдын бюджеттик сметасына киргизип бекитүү сунушталды.
ТАЛКУУ:
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар бюджет долбоору боюнча суроолорду берип, сунуштарын билдиришти.
- Депутат Тайлаков М.Т.
Зардалы айылына баруучу жолдорду кыш мезгилинде ачуу маселеси кандай каралган? - Жооп (С. Курбанов): Зардалы жолдорун тазалоо үчүн 400 миң сом күйүүчү май каралган.
- Депутат Абдиллаева Р.Ж.
Социалдык жардамдардын көлөмү эмне себептен аз каралган? - Жооп (С. Курбанов): Быйыл бюджеттин негизги бөлүгү энергетика жана инфраструктура иштерине багытталган.
- Депутат Тупчилов К.Т.
КБФ жерлерин кайра инвентаризациялоо каралганбы? - Жооп (С. Курбанов): Айыл өкмөтү тарабынан инвентаризация жүргүзүү пландалууда.
- Депутат Туланова А.Т.
Көчө жарыктандыруу маселеси каралганбы? - Жооп (С. Курбанов): Электр мамычаларын сатып алуу жана орнотуу каралган.
- Депутат Абдиев А.А.
Ички жолдорду оңдоо үчүн каражат жетиштүүбү? - Жооп (С. Курбанов): Ремонт иштерине 2 801,5 миң сом каралган.
- Депутат Качыбеков А.И.
Инвестиция тартуу боюнча кандай иштер бар? - Жооп: Инфраструктураны жакшыртуу аркылуу инвестиция тартуу пландалууда.
Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттарына, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Башкы бухгалтери Курбанов С.
Бюджет каражаттарын бөлүштүрүүдө айылдардын муктаждыктары, калктын саны жана инфраструктуралык маселелер эске алынарын белгиледи.
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ФИНАНСЫ, ЭКОНОМИКА ЖАНА БЮДЖЕТ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ТУРУКТУУ КОМИССИЯСЫНЫН ДЕПУТАТТАРЫ
КАРА-БАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН 2026-ЖЫЛДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИНЕ АНАЛИЗ ЖҮГҮЗҮШТҮ
2026-жылга Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жалпы көлөмү 39 274,3 миң сомду түзөт. Бул бюджет айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, мамлекеттик кызматтарды аткаруу жана жергиликтүү инфраструктураны каржылоо үчүн багытталган.
1. БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕ СТРУКТУРАСЫНЫН ТЕРЕҢ АНАЛИЗИ
Жалпы киреше: 39 274,3 миң сом
Киреше булактарынын структурасы
| Киреше булагы | Суммасы (мин сом) | Үлүшү |
| Теңдөөчү грант | 17 682,2 | 45,0 % |
| Киреше салыгы | 17 625,5 | 44,9 % |
| КБФ ижарасы | 1 156,5 | 2,9 % |
| Жер казынасы төлөмдөрү | 698,5 | 1,8 % |
| Айыл чарба эмес жер салыгы | 698,3 | 1,8 % |
| Тамарка салыгы | 526,8 | 1,3 % |
| Жайыт ижарасы | 350,0 | 0,9 % |
| Ыктыярдуу патент | 210,0 | 0,5 % |
| Кыймылсыз мүлк салыгы | 113,2 | 0,3 % |
| Калктуу конуш жер ижарасы | 97,0 | 0,25 % |
| Жер сатуу төлөмдөрү | 80,0 | 0,2 % |
| Таштанды жыйымы | 32,3 | 0,08 % |
Киреше түзүмүнө баа берүү
Кирешелерди 3 негизги категорияга бөлсөк:
- Республикалык трансферттер: Теңдөөчү грант: 45 %
- Негизги жергиликтүү салыктар: Киреше салыгы: 44,9 %
- Жергиликтүү кошумча кирешелер: бардык калган булактар: 10,1 %
Негизги жыйынтык
- Бюджеттин 90 %ы эки булактан түзүлөт
- Бул айыл өкмөтүнүн финансылык туруктуулугу сырткы каржылоого көз каранды экенин көрсөтөт.
Потенциалдуу өсүү резервдери
Кирешелерди көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү төмөнкү тармактарда бар:
- Жер ижара акыларын көбөйтүү
- Жайыттарды эффективдүү пайдалануу
- КБФ жерлерин кайра инвентаризациялоо
- Кыймылсыз мүлк салыгын толук жыйноо
- Жаңы ишкердик субъекттерди каттоо
2. БЮДЖЕТТИН ЧЫГАША СТРУКТУРАСЫНЫН ТЕРЕҢ АНАЛИЗИ
Жалпы чыгаша: 39 274,3 миң сом
Чыгымдардын негизги топтору
| Категория | Суммасы | Пайызы |
| Административдик чыгымдар | 14151 | 36,0% |
| Эмгек акы жана соцфонд | 17374 | 44,0 % |
| Инфраструктура жана курулуш | 4 193 | 10,7 % |
| Ремонт иштери | 2 801 | 7,1 % |
| Социалдык жардам | 325 | 0,8 % |
| Резервдик фонд | 431 | 1,1 % |
Чыгаша түзүмүнүн өзгөчөлүгү
Бюджетти функционалдык жактан караганда:
| Категория | Пайыз |
| Мамлекеттик башкаруу | 85 % |
| Өнүктүрүү долбоорлору | 11 % |
| Социалдык колдоо | 1 % |
| Башка чыгымдар | 3 % |
Айылдар боюнча
| Айыл | Сумма | Процент |
| Кара-Бак | 1 853,5 | 27 % |
| Бай Кара-Бак | 1 738 | 25 % |
| Кызыл Бел | 1 492,5 | 22 % |
| Чет-Кызыл | 722,5 | 11 % |
| Момунов | 300 | 4 % |
| Добо | 300 | 4 % |
| Алты-Адыр | 300 | 4 % |
| Зардалы | 171,5 | 3 % |
Эң көп каражат Кара-Бак, Бай Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарына берилген.
Негизги байкоолор
- Бюджеттин чоң бөлүгү аппаратты кармоого кетет.
- Өнүктүрүү долбоорлоруна каражат салыштырмалуу аз.
- Социалдык жардамдардын үлүшү 1 %га жетпейт.
3. ФИНАНСЫЛЫК ТУРУКТУУЛУК АНАЛИЗИ
Бюджеттин көз карандылык деңгээли
| Көрсөткүч | Пайыз |
| Өз кирешелер | 55 % |
| Республикалык жардам | 45 % |
Бул көрсөткүч айыл өкмөтү орточо деңгээлде дотациялык аймак экенин көрсөтөт.
4. 2027–2028-ЖЫЛДАРГА БЮДЖЕТТИК ПРОГНОЗ АНАЛИЗИ
| Жыл | Бюджет | Өсүү |
| 2026 | 39,3 млн сом | — |
| 2027 | 42,1 млн сом | +7 % |
| 2028 | 45,1 млн сом | +7,3 % |
Бул өсүш инфляция жана экономикалык активдүүлүктүн өсүшү менен байланыштуу.
5. СТРАТЕГИЯЛЫК СУНУШТАР
Бюджетти эффективдүү башкаруу үчүн төмөнкү чараларды көрүү сунушталат:
Киреше бөлүгүн көбөйтүү
- Жер салыктарын толук чогултуу
- Жайыт жана КБФ жерлерин инвентаризациялоо
- Жаңы бизнес объекттерин каттоо
Чыгашаларды оптималдаштыруу
- административдик чыгымдарды азайтуу
- энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү
- мамлекеттик сатып алууларды оптималдаштыруу
Өнүктүрүү долбоорлорун көбөйтүү
- инвестиция тартуу
- инфраструктураны жакшыртуу
- социалдык объекттерди модернизациялоо
2026-ЖЫЛДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИНИН АНАЛИЗИНЕ ЖАЛПЫ КОРУТУНДУ
Жүргүзүлгөн анализдин негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн бюджети негизинен административдик функцияларды каржылоого багытталган.
Бирок айыл аймагын өнүктүрүү үчүн:
- жергиликтүү кирешелерди көбөйтүү,
- инвестиция тартуу,
- инфраструктуралык долбоорлорду көбөйтүү
2026-жылкы бюджетти карасак:
- 44 % инфраструктурага
- 28 % аппарат чыгымдарына
- 9 % коммуналдык жана энергетикага
- 6 % социалдык жардамга
- 11 % башка иштерге
Демек: ✔ энергетика, жол жана курулуш иштерине каражат бар
✔ айылдарга бөлүштүрүү бар
Бирок:
- социалдык жардам аз
- экономикалык долбоорлор аз
ЖЫЙЫНТЫКТОО СӨЗ:
Сөзгө чыккан депутаттар сунушталган бюджет долбоору боюнча өз ойлорун билдиришип, айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарын беришти.
Депутаттар айыл аймагын өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, социалдык жардамдарды өз убагында көрсөтүү жана бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти.
ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
- “Макул” – 8
- “Каршы” – 0
- “Калыс” – 0
ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджети 39 274,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- 2027–2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин божомол пландары
- 2027-жылга карата бюджеттин жалпы болжолдуу көлөмү – 42 076,7 миң сом,
- 2028-жылга карата бюджеттин болжолдуу көлөмү – 45 140,7 миң сом
болуп жактырылсын.
- 2025-жылдан калган атайын каражаттардагы 386 400 сом 2026-жылдын бюджеттик сметасына киргизилип бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнө бюджеттик каражаттарды мыйзамга ылайык, максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу милдеттендирилсин.
КОРУТУНДУ:
Финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы 2026-жылдын бюджетин толугу менен жактырат жана Кара-Бак айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна жана бекитүүсүнө сунуштайт.
ПРОТОКОЛГО ТИРКЕЛГЕН ДОКУМЕНТТЕР:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин расшифровкасы 4 баракта.
- 2027–2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин божомол пландары 1 баракта.
- 2025-жылдан калган атайын каражаттардагы 386 400 сом расшифровкасы 1 баракта.
Комиссиянын төрагасы: ______________ Джолматов Р.А.
Катчы: ______________ Султанов Р.С.
