Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  23-сентябрь № 58                                                                      Кара-Бак айылы

Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу  жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренсине ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши токтом  кылат:

  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын Ж. Момунов көчөсүндөгү 1560 м2 жер аянтын балдар ойноочу аянтча куруу үчүн муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  23-сентябрь № 59                                                                     Кара-Бак айылы

Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат

  1.           Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-ж 17-декабрындагы №309 Токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Суу Ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусуна өткөрүлүп берилген сугат айдоо жерлеринин ижара акысын белгилөө формуладагы  К-коэфициент 20 болуп белгиленсин.
  2.            Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  3.            Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  23-сентябрь № 60                                                                     Кара-Бак айылы

 

Көк-Дөбө участкасынан 5,0га жер аянтынын эскиздик ашкы планын бекитүү   жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1.            Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  Көк-Дөбө участкасынан өндүрүш багытына которулган №581-контур  5,0 га жер аянтына кирпич заводун куруу үчүн эскиздик башкы планын бекитилсин.
  2.            Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  23-сентябрь № 61                                                                     Кара-Бак айылы

Зардалы айылынын башкы планынын  концепциясы жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун  эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылынын ген планынын концепциясы жактырылсын.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  23-сентябрь № 62                                                                     Кара-Бак айылы

Кара-Бак, Кызыл-Бел айылдарынын №208, 319, 503, 287-контурларындагы 0,91 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасынын негизинде Кызыл-Бел айылынын №208, 319, 503, 287-контурларындагы 0,91 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Бак айыл өкмөтү Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарындагы Кара-Бак айлындагы №208 контурундагы 0,32 га жана №319 контурунда жайгашкан 0,10 га,  Кызыл-Бел айылындагы №503 контурундагы 0,36 га жана №503 контурундагы 0,03 га жана №287 контурунда жайгашкан 0,10 га жалпы 0,91 га жер аянттарын Өнөр жай багытына которууга (трансформацялоого) макулдук берилсин.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  23-сентябрь № 63                                                                     Кара-Бак айылы

Алты-Адыр участкасынан 1,0га жер аянтынын эскиздик башкы планын бекитүү   жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун  эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы өнөр жайга трансформация болгон 12,0 га жердин эскиздик башкы планы бекитилсин.
  2. Ушул 12,0 га жер аянтынын ичинен 1,0 га аянтына ферма куруу үчүн, жана ижарага берүүгө макулдук берилсин.
  3. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

 2025-жыл  23-сентябрь. № 64                                                                   Кара-Бак айылы.

Кызыл-Бел өткөрмө пунктунун  айланасындагы 6,81 га жер аянтын “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 23-08-2024-ж №500 Токтомуна ылайык, “Бажы процесстерин жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу, тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыздоо” максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Баткен бажысынын Кызыл-Бел айылындагы “Кызыл-Бел” өткөрмө пунктунун айланасындагы 6,81 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  23-сентябрь. № 65                                                                    Кара-Бак айылы.

Жер аянтынын багытын  которууга макулдук берүү  жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-бөлүмунүн 12-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Бак айылынын тургуну Сидиков Умарали Бакировичтин менчик турак жай үчүн берилген 8-01-09-1001-0550 идентификациялык кодундагы 0,12 га жер аянтынын ичинен 0,05 га бөлүгүн коммерциялык багытка которууга макулдук берилсин.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

 

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  23-сентябрь. № 66                                                                    Кара-Бак айылы.

Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде  Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

Кара-Бак айыл аймагынын тургундары:

  1. Мусаева Назикбүбү Ысаковна             0,10га 8-01-09-1002-0866
  2. Абдижалилова Гүлшанай Асилбековна 8-01-09-1002-2438
  3. Айдаралиева Айзирек Айдаралиевна 0,10га 8-01-09-1001-1827
  4. Камчыбекова Гүлбахар Пахиридиновна 0,10га 8-01-09-1001-1759
  5. Саттарова Орозгүл Идирисовна 0,15га 8-01-09-1001-0588
  6. Койбакова Азиза Абдурасуловна 0,15га 8-01-09-1002-0331
  7. Темирова Жазгүл Маматалиевна 0,10га 8-01-09-1001-2005
  8. Абдулаева Насиба Халиловна 0,10га 8-01-09-1002-1930

мурдатан бери пайдаланып келген жер аянттарын өздөрүнө жеке менчикке кезексиз бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

 

2025-жыл  23-сентябрь. № 67                                                                    Кара-Бак айылы.

Жергиликтүү бюджеттин III-кварталына, карата статьяларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жылдыруу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык Кара-Бак айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын III-кварталына карата, айыл окмотунун учурдагы зарыл иштерин бүтүрүү үчүн аппараттын негизги курулуштар жана сооружениялар боюнча 3111 статьясынан жалпы -2400,0 мин сом акча каражатынан 2222 статьясына 1116,0 мин сом, 2721 статьясына 90,0 мин сом, 2214 статьясына 474,5 мин сом, 3112 статьясына 500,0 мин сом, 2215 статьясына -590,5 мин сом, 2211 статьясына 110,0 мин сом жана 2221 сатьясынан 750,0 мин сомду жылдырылып бекитилсин.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  23-сентябрь. № 68                                                                    Кара-Бак айылы.

Салык боюнча зоналдык коэфициенттин өлчөмүн белгилөө жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын жетекчиси З. Сапаровдун  09.09.2025. №024/25/543 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексиин 388-404-беренелерине ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-бак айыл өкмөтүнүн аймагында Кз зоналдык коэфициентти төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
  • Имараттар, курулмалар, жана жайлар үчүн -1,2
  • Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн – 0,6
  1. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                   А.Дилишатов

Жооп калтыруу