Коррупцияга каршы аракеттенүү жана Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү.

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аппараттык кеңешмесинин

№1 Протоколу

Кара-Бак айылы                                                                             20.01.2026-ж

Төрагалык кылган – Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Козубаев

Катчысы – Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, качы Н.Мамазакирова

Катышкандар:

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана өкүлдөр толук катышышты.Чогулуштун жүрүшүндө өкмөт башчы Б.Козубаев жыйынды ачып, күн тартибиндеги маселе менен тааныштырып иштөө регламентин бекитти.

Күн тартибиндеги маселе:

  1. Коррупцияга каршы аракеттенүү;
  2. Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү.

Б.Козубаев сөз баштап: урматтуу аппарат кызматкерлери Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Мыйзам жөнүндө айтып өтсөм Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылы 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан колдоо таап, аталган мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча Кыргыз республикасынын Жогорку саясий жетекчилигинин ички саясий багытын мындан ары ишке ашыруунун алкагында, коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазаны күчөтүү жана чектөөлөрдү кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун таасирдүү жолун түзүү максатында кабыл алынган.

-Соттолгондугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан же болбосо аларга карата коррупциялык кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган учурда коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарды мамлекеттик же мунгиципалдык кызматка кабыл алуудан баш тартуу боюнча түшүндүрүлдү;

-Экстремизмге жана терроримзге каршы аракеттенүү боюнча аппарат кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кызматкерлерге элдер ичинде да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү айтып өттү.

– Коррупциялык кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табылган адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөсүнө милдеттүү түрдө жана өмүр бою салынарын айтып өттү.

Жогорудагы маселелер боюнча комиссия чечим кылыт:

  • Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бардык ар бир айылдарда мекеме ишканалардын алдында атайын бурчтар, эскетмелер көрнөктөр уюштурулсун.
  • Экстремисттик жана террористтик ишти профилактикалоо жана алдын алуу боюнча иш чаралар планы түзүлсүн;

Жогорудагы протоколдук тапшырмаларды тиешелүү кызматкерлер жана айыл башчылар мене биргеликте өз убагында аткарылсын.

 

Ушул протоколдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өкмөт башчысынын орун басары, катчы Н.мамазакировага жүктөлсүн.

 

Чогулуштун төрагасы:                                                     Б.Козубаев

Чогулуштун катчысы:                                                      Н.Мамазакирова

 

Жооп калтыруу