Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жыл 30-декабрь. № 79 Кара-Бак айылы.
Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы 0,48 га жер аянтынын эскиздик башкы планын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасында №857 контурунда жайгашкан 1,58 га жер аянтынын ичнен 0,48 га аянтына түзүлгөн эскиздик башкы планын бекитилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Дилишатов.

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жыл 30-декабрь. № 80 Кара-Бак айылы.
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынын Суу кампанын ордун трансформациялоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры №665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтү Зардалы айлындагы
№1116 контурунда 0,03 га
№1008 контурунда 1,37 га
№1122 контурунда 0,12 га
№1123 контурунда 0,17 га
№1002 контурунда 1,90 га
Жалпы 4,20 га жер аянтына суу кампа куруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын
Төрага А. Дилишатов.

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жыл 30-декабрь. № 81 Кара-Бак айылы.
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылында 0,36 га жер аянтына түзүлгөн эскиздик башкы планы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын №503 контурунда жайгашкан 0,36 га жер аянтына түзүлгөн эскиздик башкы планы бекитилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Дилишатов.

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жыл 30-декабрь. № 82 Кара-Бак айылы.
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак, Кызыл-Бел, Дөбө айылдарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак, Кызыл-Бел, Дөбө айылдарынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук бекитилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Дилишатов.

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жыл 30-декабрь. № 83 Кара-Бак айылы.
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын № 273,274- контурунда жайгашкан 12,0 га жер аянтын которууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры №665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын № 273, 274- контурунда жайгашкан 12,0 га жер аянтын айыл-чарба багытындагы жайыт жер түрүнөн айыл-чарба багытындагы көп жылдык мөмө-жемиштер бактар түрүнө которууга макулдук берилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Дилишатов.

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жыл 30-декабрь. № 84 Кара-Бак айылы.
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылындагы жаңы курулган бала бакчанын аталышы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылындагы жаңы курулган бала бакча “Чет-Кызыл” мектепке чейинки билим берүү мекемеси деп аталсын.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Дилишатов.

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жыл 30-декабрь. № 85 Кара-Бак айылы.
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жобосуна өзгөртүү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамына ылайык жана мамлекеттик башкаруу системасындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Жобого “Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттер” аттуу өзүнчө бөлүм кошулсун.
- Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери этика кодексин сактоого, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга милдеттүү экени жобо менен бекемделсин.