Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын ТОКТОМУ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын

ТОКТОМУ

2026-жыл  30-июнь. № 17                                                                           Кара-Бак айылы.

 

Кара-Бак айыл аймагынын Чет-Кызыл айылынын С. Момунов көчөсүнө  түзүлгөн эскиздик башкы планы бекитүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын  Жер кодексинин 21-беренесинин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун  эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Бак айыл аймагынын Чет-Кызыл айылынын С. Момунов көчөсүнө түзүлгөн эскиздик башкы планы алымча кошумчалар менен бекитилсин.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                      А. Дилишатов.

 

 

 

 

 

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын

ТОКТОМУ

2026-жыл  30-июнь. № 18                                                                          Кара-Бак айылы.

 

Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылынын Ормунан участкасынан 29,0 га жер аянтынан көмүр казууга макулдук  берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун  эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. “Урмизан Кен” ЖЧК ишканасына Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылынын Ормунан участкасынан 29,0 га жер аянтынан көмүр казууга макулдук берилсин.
  2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                      А. Дилишатов.

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын

ТОКТОМУ

2026-жыл  30-июнь. № 19                                                                          Кара-Бак айылы.

 

Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылынын Топкана участкасындагы жер аянттарын калктуу конуштардын жерлеринин категориясына которууга макулдук берүү жана турак жай куруу үчүн жер участогунун чектик өлчөмүн бекитүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-21-беренесинин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры №665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасынын негизинде, айылдык кенештин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:

 

  1. Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылынын Топкана участкасындагы: №1000 жана №1002 контурундагы жер аянттарын калктуу конуштар категориясына которуга макулдук берилсин.
  2. Ар бир турак жай үчүн жер участогунун чектик өлчөмү 0,05 га болуп бекитилсин.
  3. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                              А. Дилишатов.

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын

ТОКТОМУ

2026-жыл  30-июнь. № 20                                                                          Кара-Бак айылы.

 

Пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде  Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

Кара-Бак айыл аймагынын тургундары:

  1. Абдурасул кызы Айсалкын 8-01-09-1001-1534                Кара-Бак 
  2. Амирбек кызы Гулжамилахан 8-01-09-1001-0985                Кара-Бак
  3. Асылбек кызы Жүзүмкан 8-01-09-1001-1703                Кара-Бак
  4. Мамиров Абдурасул Абдурашитович 8-01-09-1002-2234                Кызыл-Бел
  5. Ормошова Кайринса Ташбековна 8-01-09-1001-1079                Чет-Кызыл
  6. Рабиева Шафохатхан Набиевна 8-01-09-1001-0824                Кара-Бак
  7. Умурзакова Гүлүмкан Улукбековна 8-01-09-1002-2409                Кызыл-Бел
  8. Шайдинова Нуриза Нурманбековна 8-01-09-1002-0105                Кызыл-Бел

мурдатан бери пайдаланып келген жер аянттарын өздөрүнө жеке менчикке кезексиз бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                              А.Дилишатов.

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясынын

ТОКТОМУ

2026-жыл  30-июнь. № 21                                                              Кара-Бак айылы.

Кара-Бак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз VII сессиясынын №35 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүмүнүн, Баткен райондук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу жана коррупциогендик факторлорду аныктоо боюнча жүргүзүлгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгы, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 246-беренеси, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын 4 жана 14-беренелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 4,6-беренелеринин негизинде, мыйзам бузуучулукту четтетүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Бак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз VII сессиясынын №35 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  2. Бул токтом расмий кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
  1. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                           А. Дилишатов.

Жооп калтыруу