
Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 2-октябрь. № 22 Кара-Бак айылы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык уюштуруу иш-чараларын өткөрүү жана жооптуу кызматкерлерди бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жергиликтүү кенештин Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде
Кара-Бак айылдык кенеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындары өткөрүлсүн.
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларынын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында айылдар боюнча Жергиликтүү жамааттардын жыйындары 2-тиркемеге ылайык уюштурулсун.
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында айылдар боюнча Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумшчу топтун курамы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- «V Элдик курултайдын» делегаттарын шайлоо боюнча Кара-Бак айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылыдык Маданият үйүндө 2026-жылдын 24-октябрь (ишемби) күнү саат 11.00 өткөрүлсүн.
- Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын Кара-Бак аймактык пункту тарабынан тартипти сактоо чараларын көрүлсүн.
- V Элдик Курултайды өткөрүү үчүн керектелүүчү бардык финансылык чыгымдардын ( автотранспорт ж.б) сметасы түзүлсүн;
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага А. Дилишатов.
1-тиркеме
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрү боюнча комиссиянын курамы
| № | ФИО | Кызматы | |
| 1. | А. Дилишатов | Айылдык кеңештин төрагасы | |
| 2. | Ж. Ажыкабылов | Айылдык кеңештин катчысы | |
| 3. | Бердибаев Казыбек | А/к депутаты | |
| 4. | Сапаров Данияр | А/к депутаты | |
| 5. | Абдиев Азамат | А/к депутаты | |
| 6. | Айжигитова Гүлнура | А/к депутаты | |
| 7. | Мадмаров Абобакир | А/к депутаты | |
| 8. | Сапарова Гүлзат | А/к депутаты | |
| 9. | Алтынбек уулу Адилет | А/к депутаты | |
| 10. | Матураимова Гулбубу | А/к депутаты | |
| 11. | Качыбеков Азим | А/к депутаты | |
| 12. | Бакирова Бурайкан | А/к депутаты | |
| 13. | Амиракулов Келдибек | А/о башчынын орун басары | |
| 14. | Рахманова Айнура | А/о жооптуу катчысы | |
| 15. | Масалимов Азамат | Чет-Кызыл Бай Кара-Бак айыл башчы | |
| 16. | Балтаев Жолдош | Байкарабак айылынан өкүл | |
| 17. | Каламбеков Турдали | Дөбө айылынын башчысы | |
| 18. | Маматов Бегали | Кара-Бак айылынан өкүл | |
| 19. | Умаров Дуйшо | Зардалы айылынан өкүл | |
| 20. | Сапаров Умар | Кызыл-Бел Момунов айылдар башчысы | |
| 21. | Арзыбаев Шарофидин | Кызыл-Бел айылынан өкүл | |
| 22. | Жамалаова Бурмагул | АДК | |
| 23. | Садирова Гулжамал | АДК | |
| 24. | Жайнакова Айзада | АДК | |
| 25. | Сайипова Ашырбубу | АДК |
2-тиркеме
Кара-Бак айыл аймагында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуш жана жыйындар
| № | Айылдар | Жыйын өтүүчү жер | Убагы | Датасы | Калкы-нын саны | Шайлануучу делегат |
| 1 | Кара-Бак | Кара-Бак айыл мад. үйү | 10.00 | 09-10- 2026 | 8350 | 40 |
| 2 | Кызыл-Бел | А. Масалиев а о мектеби | 14.00 | 09-10- 2026 | 8152 | 39 |
| 3 | Момунов | А. Масалиев а о мектеби | 14.00 | 09-10- 2026 | 436 | 2 |
| 4 | Чет-Кызыл | С. Момунов а о мектеби | 11.00 | 07-10- 2026 | 2177 | 10 |
| 5 | Дөбө | Дөбө мектеби | 10.00 | 08-10- 2026 | 840 | 4 |
| 6 | Бай-Кара-Бак | Медресе | 13.00 | 09-10- 2026 | 575 | 3 |
| 7 | Зардалы | Н Суюнов башт мект | 11.00 | 06-10- 2026 | 332 | 2 |
| А/а боюнча | 20862 | 100 |
3-тиркеме
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрү боюнча жумушчу топтун курамы Кара-Бак айылы
| № | ФИО | Кызматы | |
| 1. | Амиракулов Келдибек | А/о башчынын орун басары | Төрага |
| 2. | Рахманова Айнура | А/о жооптуу катчысы | Катчы |
| 3. | Абдиев Азамат | А/к депутаты | Мүчөсү |
| 4. | Бердибаев Казыбек | А/к депутаты | Мүчөсү |
| 5. | Айжигитова Гүлнура | А/к депутаты | Мүчөсү |
| 6. | Каламбеков Турдали | Дөбө айылынын башчысы | Мүчөсү |
| 7. | Жамалаова Бурмагул | АДК | Мүчөсү |
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрү боюнча жумушчу топтун курамы Кызыл-Бел, Момунов айылдары
| № | ФИО | Кызматы | |
| 1. | Сапаров Умар | Кызыл-Бел Момунов айылдар башчысы | Төрага |
| 2. | Рахманова Айнура | А/о жооптуу катчысы | Катчы |
| 3. | Сапаров Данияр | А/к депутаты | Мүчөсү |
| 4. | Алтынбек уулу Адилет | А/к депутаты | Мүчөсү |
| 5. | Арзыбаев Шарофидин | Кызыл-Бел айылынан өкүл | Мүчөсү |
| 6. | Садирова Гулжамал | АДК | Мүчөсү |
| 7. | Жайнакова Айзада | АДК | Мүчөсү |
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрү боюнча жумушчу топтун курамы Чет-Кызыл, Бай-Кара-Бак, Зардалы айылдары
| № | ФИО | Кызматы | |
| 1. | Масалимов Азамат | Чет-Кызыл Бай Кара-Бак айыл башчы | Төрага |
| 2. | Качыбеков Азим | А/к депутаты | Катчы |
| 3. | Матураимова Гулбубу | А/к депутаты | Мүчөсү |
| 4. | Маматов Бегали | Кара-Бак айылынан өкүл | Мүчөсү |
| 5. | Умаров Дуйшо | Зардалы айылынан өкүл | Мүчөсү |
| 6. | Балтаев Жолдош | Байкарабак айылынан өкүл | Мүчөсү |
| 7. | Бакирова Бурайкан | А/к депутаты | Мүчөсү |
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрү боюнча жумушчу топтун курамы Дөбө айылы
| № | ФИО | Кызматы | |
| 1. | Амиракулов Келдибек | А/о башчынын орун басары | Төрага |
| 2. | Каламбеков Турдали | Дөбө айылынын башчысы | Катчы |
| 3. | Мадмаров Абобакир | А/к депутаты | Мүчөсү |
| 4. | Сапарова Гүлзат | А/к депутаты | Мүчөсү |
| 5. | Сайипова Ашырбубу | АДК | Мүчөсү |

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 2-октябрь. № 23 Кара-Бак айылы.
Кара-Бак, Чет-Кызыл, Бай Кара-Бак айылдарында жол белгилерин орнотуу жана жасалма дөңсөөлөрдү койууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө Мыйзамы жана Жол кыймылынын эрежелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айылынын Сакы-Баба, Чон-Талаа жолу көчөлөрүнө, Чет-Кызыл, Бай-Кара-Бак, Дөбө айылдарында жол белгилерин орнотуу жана жасалма дөңсөөлөрдү койууга макулдук берилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Дилишатов.

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 2-октябрь. № 24 Кара-Бак айылы.
Жер аянтынын багытын которууга макулдук берүү жөнүндө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-21-беренесинин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры №665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, айылдык кенештин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
- Бекмуратов Асланбек Имамалиевичке таандык Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылынын Чон-Талаа көчөсү 26/2 дарегинде жайгашкан 8-01-09-1001-2265 идентификациялык кодундагы 180мкв жер аянтын турак жай багытынан коммерциялык багытка которууга макулдук берилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Дилишатов.

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 2-октябрь. № 25 Кара-Бак айылы.
Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А. Алтынбек уулунун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл аймагынын Б. Нарматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Султанов Рахманали Сайиткурбановичке, А. Масалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Айдаров Алтынбек Ачылбековичке Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Дилишатов.
