Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х  сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  12-ноябрь № 77                                                             Кара-Бак айылы

Зардалы айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1.                   Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылынын башкы планы оңдоп түзөөлөр менен бекитилсин.
  2.              Зардалы айылынын батыш тарабынанан тоодон ташкулап түшүү коркунучунун алдын алуу үчүн башкы планда көрсөтүлгөн калктуу конуштун  чек арасынан элүү (50) метр коргоо зонасы болуп бекитилсин.
  3.              Башкы планда көрсөтүлгөн жолдор айыл тургундарынын жеке турак жайы жана айыл чарба жерлери аркылуу өткөн учурда жер ээлерине теңдештирилген жер аянты бөлүүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  4.            Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                    Ф. Акматалиев.

 

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын

ТОКТОМУ

2025-жыл  12-ноябрь. № 78                                                            Кара-Бак айылы.

 

Жергиликтүү бюджеттин 2025-жылдын IV-кварталына карата статьяларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жылдыруу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык Кара-Бак айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын IV-кварталына карата бюджеттен түшкөн кирешелер боюнча 2109,1 мин сомду:

Аппарат. Түрдүү чыгымдар боюнча 2215 статьясына 3159,8 мин сом,

Сапардык чыгымдар бонча 2211 стаьясына 50,0 мин сом,

Чарбалык эмерек товарларды сатып алуу үчүн 2222 стаьясына 438,7 мин сом,

Айылдык кенеш. Айлык акы үчүн 2111 статьясына 300,9 мин сом

Соц. фондго чегерүүлөр үчүн 2121 стаьясына 9,7 мин сом,

Транспорттук чыгмдар боюнча 2214 стаьясына 150,0 мин сом жылдырылып бекитилсин.

  1. Максаттуу багыты 619,0 мин сомду Зардалы айылынын башкы планына которуу үчүн түрдүү чыгымдар боюнча 2215 статьясына жылдырылып бекитилсин.
  2. Учурдагы ремонттор боюнча 2221 статьясынан 860,0 мин сомду, курулуштар боюнча 3111 статьясына жылдырылып бекитилсин.
  3. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                    Ф. Акматалиев.

 

 

Жооп калтыруу