
Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын ТОКТОМУ
2026-жыл 19-март. № 1 Кара-Бак айылы
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябры № 123 мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 39 274,3 миң сом анын ичинен республикалык бюджеттен тендөөчү гранттын эсебинен 17 682,2 мин сом, жергиликтүү бюджеттен 21 592,1мин сом. 2027-жылга карата божомолу 42 076,7 миң сом, анын ичинен республикалык бюджеттен тендөөчү гранттын эсебинен 17 682,2 мин сом, жергиликтүү бюджеттен 24 394,5 мин сом. 2028-жылга карата божомолу 45 140,7 миң сом, анын ичинен республикалык бюджеттен тендөөчү гранттын эсебинен 17 682,2 мин сом, жергиликтүү бюджеттен 27 458,5 мин сом суммасында бекитилсин.
- 3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 5. 2026-жылга жергиликтүү бюджетинен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар жалпы 39 274,3 сом өлчөмүндө №3 тиркемеге бекитилсин (статьялар боюнча тикелет).
- 6. 2026-жылга айыл өкмөтүнун кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1156,5 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 7. 2026-жылга Кара-Бак айыл өкмөтүнүн резевдик фонду 431,8 миң сом өлчөмүндө №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- 8. Айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга божомолу, 2027-жылдын киреше жана чыгашасы-42 076,7 мин сомго, ал эми 2028-жылдын киреше жана чыгашасы-45 140,7 мин сом, өлчөмүндө №6 тиркеме бекитилсин.
9.Айыл өкмөтүнүн 2026-жылга айыл өкмөт аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 1984,0 миң сомго чейин акча каражаты №7 тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин.
- 10. Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин негизги каражаттар боюнча 2026-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктарынын жалпы суммасы 3424,2 мин сом №8А тиркемеге ылайык, ал эми атайын каражаттар боюнча 2025-жылдан калган калдыктардын суммасы 386,4 мин сом №8Б тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн
- 11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Дилишатов.
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын №1 токтомуна
№1- тиркеме
| Кара Бак айыл өкмөтүнүн, 2026-жылга карата жергиликтуу бюджетинин, | |||||||
| салыктык жана салыктык эмес кирешелер боюнча планы. | |||||||
| Олчоо бирд. (мин сом) | |||||||
| № | Элемент (8) | Кирешенин аталышы | план | факт | айырма +,-; | аткаруу % | |
| 1 | 2 | 4 | 5 | 6 | 7 | ||
| 1 | 13311200 | Тендоочу грантты (респ.бюдж.) | 17682,2 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 2 | 11111100 | Киреше салыгы (под салыгы) | 17625,6 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 3 | 11122200 | Ыктыярдуу патент салыгы | 210,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 4 | 11311200 | Кыймылсыз мүлктөргө салык | 113,2 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 5 | 11312120 | Транспорт салыгы | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 6 | 11321100 | Тамарка салыгы | 526,8 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 7 | 11321200 | Айыл чарба багытындагы жерлер (дыйкан чарба- үлүштөрү) | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 8 | 11321300 | Айыл чарба багытында эмес жерлердин салыгы | 698,3 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 9 | 14151200 | Жер казынасын пайдалан.үчүн лиценз.кармап туруу төлөмдөрү | 698,5 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 10 | 14152100 | Калктуу конуштардын жерлеринин ижара акы боюнча төлөмдөрү | 97,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 11 | 14152200 | Жайыт боюнча ижара акылар | 350,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 12 | 14152600 | КБФ нун ижара акылары | 1156,5 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 13 | 14153200 | Түрдүү чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 14 | 14224200 | Таштанды жыйымдары | 36,2 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| 15 | 314121 | Айыл чарба багытында эмес жерлерди сатуу | 80,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
| х | х | Бардык кирешелер | 39274,3 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | |
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||

Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезек III сессиясынын ТОКТОМУ
2026-жыл 19-март. № 2 Кара-Бак айылы
Кара-Бак айыл өкмөтүнө ички жана тышкы инвестициялар үчүн каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябры № 123 мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө салым кошуу максатында тартылган ички жана тышкы инвестицияларга жергиликтүү бюджеттен салым катары 2459,4 мин (эки миллион төрт жүзэлүү тогуз мин төрт жүз) сом каражат бөлүнсүн.
- 2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Дилишатов.
