Өткөн жумада Баткен районуна караштуу Кызыл-Бел айылында Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун,диний экстремизмдин алдын алуу, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууда ата-эненин жана мугалимдердин ролу, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында кенири чөйрөдө жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –акимдин орун басары Жумагүл Сатыбалдиева, тийиштүү кызматтын өкулдөрү, айыл өкмөт кызматкерлери жана айыл тургундары катышышты.
Акимдин орун басары Жумагүл Сатыбалдиева төмөнкүлөргө токтолду. 1989-жылы 20-ноябрында БУУнун Башкы Ассамблеясында “Баланын укугу жөнүндө” декларация кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодекси, балдардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган укуктарынын эркиндиктеринин жана мыйзамдуу талаптарынын негизги кепилдиктерин белгилейт жана мамлекет тарабынан балдардын дене-бой, акыл-эс, адептик, руханий жана социалдык жактан өнүгүүсү, турмуштун оор кырдаалда калган балдарды коргоо жана өзгөчө камкордук көрүү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган. Зордук-зомбулук боюнча бардык жер-жерлерде иш-чаралар өтүлүп жатат..Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук,кылмыштуулук, эрте никеге туруу, жалпы балдардын укугун коргоо боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан иш-план кабыл алынып, иш-пландын негизинде аткарылып жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле бүгүн залдын ичи жык толгон ата-энелер кайдыгер карабай келгениңиздерге- деп ыраазычылык билдирди, бүгүнкү каралуучу маселелерде өтө орчундуусу балдардын жана аялдардын арасындагы зордук-зомбулук экендигин айтып, мамлекет тарабынан балдарга жана аялдарга камкордук көрүлүп жаткандыгын белгиледи. Балдарга кам көрүшүбүз керек -алардын коопсуздугу баарыбыздын жоопкерчилигибиз. Балдарды кароо азыркы учурда зарыл болгон маселе- деди.
Андан кийин сөз Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Атамалиев Адилет Атамалиевичке берилип, ал төмөнкүлөргө токтолду. “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча №800 буйрук чыкканын ата-энелерге жеткирип, түшүндүрдү. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде үй-бүлөлүк мамилелердин түзүлүшүнө жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн адамдардын жоопкерчилиги, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинде балдардын кызыкчылыктарына жана үй-бүлөлүк мамилелердин тартибине каршы укук бузуулар үчүн жоопкерчилик каралганын белгилеп, үй-булөдөгү мамиле балдардын келечегине таасир этерин айтып, ата-эне балдарды тарбиялоодо эң биринчи өздөрүнун мамилесин ондоосу зарыл экендигин белгиледи.
Жыйын кызуу талкуу менен өткөрүлдү. Айыл тургундарынан атынан жана мектеп жетекчилиги атынан бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирилди.
Жыйынтыгында зордук-зомбулук, кылмыштуулук, киберкылмыштуулук боюнча ата-энелер, окуучулар арасында түшундурүү иштери күчөтүү, кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын – алууда ИДН жана мектеп администрациясы, социалдык кызматкерлер менен биргелешкен иш планды иштеп чыгууну, окуучулардын бош убактысын натыйжалуу пайдалануусу үчүн кошумча спорт кружокторунун иштери жандандыруу, Ата-энелер жана окуучулардын укуктары, милдеттери боюнча семинар, тренингдерди өткөрүү сунушталды.


