Айыл өкмөт башчы аймактагы иштердин жүрүшүнөн жеринен кабар алды.

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Искендербек Тилеков аймакта аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышуу максатында иш сапар жүргүздү. Иш сапардын алкагында айыл аймактагы социалдык объекттердин абалы, инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү, ошондой эле жер маселелери жана айыл чарба багытындагы иштер каралды.
Айыл өкмөт башчы И.Тилеков тиешелүү адистер жана кызматкерлер менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, көйгөйлүү маселелер боюнча жеринде талкуу уюштурду. Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин угуп, алдыдагы иштердин багыттарын тактады.
Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмалар берилип, белгиленген иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча милдеттер коюлду

Жооп калтыруу