Кара-Бак айыл аймагынын Курук-Сай, Лаккон жана Коргончо жерликтерине суугат суу жеткирүү максатында 2 тике суу кудуктарынан суу чыгаруу иши колго алынды.
2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен районунун акими Дамир Иманалиев Кара-Бак айылындагы айыл чарба жерлерине суугат суу жеткирүү иштерине жеринде күбө болушту. Облус башчысы элдерге суугат сууну жеткирүү үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрдү көрүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды. Арыктарды, каналдарды жана суу кудуктарын(скважина) тазалоону жана иштетүүнү тездетүүнү баса белгиледи.





