Кара-Бак айылдык Кенешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун
№19 ПРОТОКОЛУ
Кара-Бак айылы 27.04.2026-ж
Катышкандар:
Джолматов Равшанбек. Депутат, комиссиянын төрагасы. Султанов Рахман. Депутат, комиссиянынмүчөсү. Тупчилов Касым. Депутат, комиссиянын мүчөсү.
Туланова Айпарча. Депутат, комиссиянын мүчөсү. Козубаев Бактияр. Айыл өкмөтүнүн башчысы.
Комиссиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча баяндаманы комиссиянын төрагасы Р. Джолматов жасады. Комиссияга келип түшкөн каттар жана арыздар боюнча мүчөлөрдү кезеги менен тааныштырды.
Жалпысынан 3 маселе жана Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына көзөмөлдөө үчүн жүктөлгөн токтомдордун аткарылышы каралды.
1-маселе
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын ичүүчү таза суу менен камсыз кылып турган “Кавсар таза суу” муниципалдык ишканасынын тарифин Кара-Бак айылдык элдик чогулушунун 2026-жылдын 20-февралындагы протоколунун негизинде бекитип берүү сунушталды.
- Көчөдөн пайдалангандар үчүн — бир айына ар бир жанга 20 сом;
- Үйүнө киргизип пайдалангандар үчүн — бир айына ар бир жанга 30 сом;
- Бюджеттик мекемелер үчүн — 1 м³ ичүүчү таза суу пайдалангандыгы үчүн 30 сом.
Комиссия бул маселени карап чыгып, Султанов Рахмандын сунушу Кара-Бак айылынын эли үчүн орчундуу экендигин белгилеп, маселени Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясына алып чыгууну сунуштады.
Комиссиянын төрагасы добушка койду: Комиссиянын мүчөлөрү бир добуштан колдошту.
2-маселе
Кара-Бак айыл өкмөтү төмөнкү сунуштар менен кайрылды: 2026-жыл үчүн мал жаюу тартиби.
Кара-Бак айыл окмотунун жакынкы жана алыскы Жайыттан түшүүчү каражаттардын 2026-жылга сметасы
- Жалпы жайыт а/о боюнча: 21 800 га
- Колдонууда – 3007 га, а.и жакынкы жайыт – 1200 га
- Таштуу жайыт – 18793 га
Кирешелер:
| Аталышы | Малдын башы | Таиф | План (сом) | Факт (сом) |
| Ир мүйүздүү мал | 690 | 200 | 138 000 | |
| Кой-эчки | 5100 | 40 | 204 000 | |
| Жылкы | 32 | 200 | 6 400 | |
| Бардыгы | 348 400 |
Чыгымдар:
| Сумма | |
| Жалпы сумма | 348 400 |
| Алыскы жайытка баруучу жолдорду ондо-түзөө ГСМ | 150 000 |
| Жакынкы жайыттарга баруучу жолдорду ондоо ГСМ | 30 500 |
| 11 044 | |
| Короолорду ремонттоо (Цемент, шагал) | 40 500 |
| Айыл окмотко ижарага | 116 356 |
Жайыт комитетинин төрагасы: С. Исаков. жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чогулушу тууралуу томонкудой баяндама жасады.
19-март 2026-жыл Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чогулушуна 26 адам катышты.
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
- Жайыт комитетинин арызын кароо жана жайыт тарифин бекитүү.
Угулду: күн тартибиндеги маселе боюнча Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жайыт комитети С.Исаков сөзгө чыгып, 2025-жылы жайыттарды жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылгандыгы боюнча маалымат берип өттү.
Жарыш сөзгө Кара-Бак айылынын тургуну С.Убаев чыгып, алыскы жайыттар жылдан-жылга тарып кетип жатат. Себеби чайырды (ферулла) казып алуучулар, тактап айтканда чайырдын желимин алуучулар арендага жайыттын көп жерлерин алып алып, мал чыгарууга тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан алыскы жайыттарды арендага бербей жайыт катары пайдалануу боюнча сунушун билдирип өттү.
Жарыш сөзгө Зардалы айылынын тургуну Т.Айдаров жарыш сөзгө чыгып жайыт акынын тарифи элдин жашоо шартын эске алуу менен өткөн жылдагы тариф боюнча жыйноону туура көрүп, ошол болйдон эле калсын деп сунуш кылды. Тактап айтканда бодо малдарга 200 сом, ал эми малда малдарга жайыт акы 40 сомдон бекитип, 6 айга чейинки төлгө жайыт акы алынбастыгы.
Жарыш сөзгө Кара-Бак айылынын тургуну А.Темиркулов чыгып, өзүбүздү айыл өкмөтүбүздүн малы жайытыбыз кенири жетет. Бирок койчулар башка айыл өкмөтүнүн тургундарынын малын алып жатышат. Ошондуктан башка аймактардан келген мал жандыктарга жайыт акысын эки эсе көтөрүү сунушун билдирип өттү. Себеби биздин айыл өкмөтүнүн тургундары башка аймакка малдарын көрсөтүлгөн тарифтен эки эсе төлөп жайытка чыгарып жатышат.
Жарыш сөзгө Кара-Бак айылынын тургуну Т.Саматов чыгып, жайыт төлөнүп келет. Бирок жайыттын көпчүлүгү Көл-Ичи жайлоосунан түшөт. Ошондуктан койчуларга шарт түзүү максатында Көл-Ичи (Ноожайлак, Мача, Гереес, Жайшылкөл) жайлоосунун жолун ондөө зарыл болуп калгандыгын билдирип өттү.
Кара-Бак айыл окмотунун жайыт комитетинин төрагасы: С. Исаков. чогулушута томондогудой Токтомдор кабыл алынганын билдирди.
Жогоруда айтылган сунуштарды талкуулап жалпы чогулуш токтом кылат:
- Кара-Бак айыл аймагынын алыскы жайыт жерлер чайыр жыйноо боюнча ижарага берилбесин.
- Жайыт акы бодо малдарга 200 сом, ал эми малда малдарга жайыт акы 40 сомдон бекитилсин. 6 айга чейинки төлгө жайыт акы алынбасын.
- Көл-Ичи (Ноожайлак, Мача, Гереес, Жайшылкөл) жайлоосунун жолдорун ондоо боюнча 2026-жылдын жайыт комитетинин бюджетине сунушталсын.
Комиссия бул маселени карап чыгып, Кара-Бак айыл окмотунун жайыт комитетинин төрагасы: С. Исаковтун жана Кара-Бак айыл окумотунун сунушу Кара-Бак айыл аймагынын эли үчүн ылайык келери эске алып бул маселени жактырды.
Комиссиянын төрагасы добушка койду: Комиссиянын мүчөлөрү бир добуштан колдошту.
ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:
1-маселе боюнча:
“Кавсар таза суу” муниципалдык ишканасынын тарифин кароо маселеси Кара-Бак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясына алып чыгарылсын. Сессияда жалпы депутаттар тарабынан талкууланып, жаңы тариф бекитилсин.
2-маселе боюнча:
- Жайыт акы бодо малдарга 200 сом, ал эми малда малдарга жайыт акы 40 сомдон бекитилсин. 6 айга чейинки төлгө жайыт акы алынбасын.
- Көл-Ичи (Ноожайлак, Мача, Гереес, Жайшылкөл) жайлоосунун жолдорун ондоо боюнча 2026-жылдын жайыт комитетинин бюджетине сунушталсын.
Көзөмөл:
Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Джолматов Равшанбекке жүктөлсүн.
Комиссиянын төрагасы: ____________ Р. Джолматов
Комиссиянын мүчөлөрү: ____________ Р. Султанов
____________ К. Тупчилов
