Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия

Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын

№____   Протоколу

 

Кара-Бак айылы                                                         «___» _________ 2026-жыл

Комиссиянын төрагасы: Амитов Э.

Комиссиянын мүчөлөрү: Амиракулов К., Алтынбек уулу А.,  Тажибай уулу Бакытбек, Сапаров Д.

КҮН ТАРТИБИ:

  1. Кара-Бак башталгыч жалпы билим берүү мектебине ысым ыйгаруу боюнча келип түшкөн сунуштарды кароо.
  2. Дөбө жалпы билим берүү мектебине мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун ысымын ыйгаруу маселеси.
  3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн орун басары К. Амиракуловдун Зардалы айылын «Зардалы органикалык аймак» деп жарыялоо боюнча кайрылуусу.
  4. Кара-Бак айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги объекттерге, мекемелерге жана көчөлөргө ат коюу жана алардын атын өзгөртүү тартиби жөнүндөгү Жобону кароо.

МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ТАЛКУУ ЖАНА ЧЕЧИМДЕР:

1-маселе боюнча: Кара-Бак башталгыч мектебине ат берүү боюнча эки тараптуу сунуш түшкөнү белгиленди: мектеп жамааты тарабынан Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын берүү жана жаран Абдикарим Чотбаев тарабынан атасы Жусуп Чотбаевдин ысымын берүү сунуштары.

  • Комиссиянын чечими: Маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен, эки сунуш тең депутаттардын добуш берүүсүнө сунушталсын.

2-маселе боюнча: Дөбө жалпы билим берүү мектебине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун ысымын ыйгаруу боюнча сунуш каралды.

  • Комиссиянын чечими: Дөбө жалпы билим берүү мектебине Төрөбай Кулатовдун ысымы ыйгарылсын.

3-маселе боюнча: Зардалы айылын «Зардалы органикалык аймак» деп жарыялоо боюнча 2020-жылдын 24-июнундагы №50 токтому юстиция органдарынан каттоодон өтпөй калгандыгына байланыштуу, маселени кайрадан токтом менен бекитүү зарылдыгы талкууланды.

  • Комиссиянын чечими: Зардалы айылын экологиялык таза аймак катары өнүктүрүү максатында «Зардалы органикалык аймак» деп жарыялоо боюнча жаңы токтом чыксын.

4-маселе боюнча: Муниципалдык объекттерге жана көчөлөргө ат коюуну тартипке келтирүүчү Жобонун долбоору каралды.

  • Комиссиянын чечими: Кара-Бак айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги объекттерге, мекемелерге, көчөлөргө ат коюу жана алардын атын өзгөртүү боюнча Жобо толугу менен жактырылсын жана сессиянын кароосуна сунушталсын.

Комиссиянын төрагасы: _________________ Амитов Э.

Комиссиянын мүчөлөрү:

  1. _________________
  2. _________________
  3. _________________
  4. _________________

Жооп калтыруу