Кара-Бак айылдык кенешинин Транспорт,курулуш,өнөр жай,суу чарбасы жана
жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын
Протоколу № 2
Кара-Бак айылы 27 .04. 2025-жыл
Кара-Бак айылдык кенешинин туруктуу жер комитетине айыл өкмөттөн жана жеке жарандардан болуп жалпы 16 арыз келип түшкөн.
1 Кара-Бак айыл өкмөтү 16.03.2026-жылы чыгыш №03-04/388 сандуу каты менен кайрылган. Ал катта Зардалы айылынын Топ участкасына кичи фудбол аянтчасын куруу үчүн 1,10 га жер аянтын социалдык обьект курууга трансформациялоого макулдук берүү жагын сураган.
Комитеттин депутаты К.Бердибаев бул жерди билебиз Президентибиздин тапшырмасы менен Баткен районуна курулуп жаткан фудбол аянчаларынан бири ушул биздин Зардалы элибизге курулуп жатат аталган жер аянты эч бир жарандын кармагында эмес биз комитет макулдугузду берсек өтө сонун элге жардам болот деген оюн айтты. Сунушту жалпы добушка койгондо баардык комитеттин депутаттары колдоду.
2 Кара-Бак айыл өкмөтү кат менен кайрылган Кызыл-Бел айылындагы 8,5 км жана Алты-Адыр айылындагы 7,5 км бетон менен болгон каналдарды Баткен райондук Суу чарба башкармалыгынын эсебине өткөрүп берүү боюнча кезктеги сессияда карап макулдук берүүнү суранган.
Комитеттин депутаты З.Осмонов урматту комитеттин депутаттары бүгүнкү күндө өзүңуздөр билгендей аталган айылдагы АВП ишканалары жоюлуп ал ишкананын ишин толук көзөмөлгө алуу жана аны иштетүү жагы Баьткен райондук суу чарба башкармалыгына карап калган. Ошондуктан бул Алты-Адырдагы Р-4 жана Кызыл-белдеги Р-5 каналдарды Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын эсебине өтөрүп берсек көзөмөлда тазалоо иштерин да ошол башкармалык кылат деген жеке билдирүүсүн айтты.Добушка салганда комитеттин депутаттары колдоду.
3 Кара-Бак айыл өкмөтү 17.03.2026-жылы чыгыш №03-04/399 сандуу каты менен кайрылган. Ал катта Кызыл-Бел айылындагы Достук көчөсундө жайгашкан №26 дарегиндеги 0,07 га жер тилкесин ФАП куруу максатында Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жагын суранган.
Комитеттин депутаты З.Осмонов бул кат боюнча Кызыл-Бел айылындагы ФАП курулуп жаткан жер жеке адамдын эсебине өтүп кеткен ,бүгүнкү күндө өкмөттүн эсебине кайтарылып ал жерге Араптардын “Асафа” уюмунун жарадамы менен 70 м2 жерге кошумча имарат салынууда ошондуктан аталган жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтунун муниципалдык менчигине алганыбыз мыйзамдуу болот деди. Сунушту жалпы добушка салганыбызда баардык комитеттин депутаттары колдошту.
4 Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылындагы №254 контурундагы 1,0 га жер аянты таштуу жайыт жер аянтын өндүрүш ишканаларын куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” котегориясынан “Өнөр жайынын транспортунун, байланышынын коргонуунун жана башка багыттагы жерлер”категориясына которуу жөнүндөгү 2026-жылдын 26-февралындагы №12 сандуу токтомунун негизинде которулган жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууну суранган.
Комитеттин депутаттары бул иш боюнча баардык документтери менен таанышып чыгып Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууну мыйзамдуу болот деген сунушка келишти сунушту жалпы колго салганда баардык депутаттар макулдугун беришти.
5 Кара-Бак айылынын тургундары жеке менчик жер тилкесинин ичинен Эргешбай уулу Шерали 400 м2 жер тилкесин,Тажиев Жолдошбай Аширович 300 м2 жер тилкесин,Алимкулов Талантбек 600 м2 жер тилкесин,Имаралиев Курсанбай Сапарович 336 м2 жер тилкесин, Курбанбек уулу Нуридин 500 м2 жер тилкесин жана Абдылдаев Асомидин Акматалиевич 380м2 жер тилкесин соода сатык багытына которуу үчүн арыз менен кайрылышкан.
Комитеттин депутаты Д.Имаралиева сөз сүйлөп өз сөзүндө аты атлаган жарандар баардыгы Кара-Бак айылынын тургундары бул жарандардын тиешелүү документтерин баарын карап чыктын жерлер арыз ээлерине тиешелүү экен,шаар куруу жана архитектура департаментинин Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан баардык жарандар корутунду алган биз макулдук эле берсек болду себеби ишкерлерди колдошубуз керек деген оюн айтты. Сунушту жалпы добушка салганыбызда баардык комитеттин депутаттары колдошту.
6 Кара-Бак айыл өкмөтү төмөнкүдөй сунуш менен кайрылган. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Чет-Кызыл айылынын С.Момунов көчөсүнө түзүлгөн эскиздик ген планын карап бекитип берүү жагын суранган.
Жер комитетинин депутаты А.Мадмаров бул эскиздик ген план Чет-Кызыл айылына фудбол ойноочу аянтча куруу, Спорт комплекс куруу, Спорт аянтчасын куруу,Балдар ойноочу аянтча,Парк куруу,Соода сатык обьектерин куруучу жана Тейлөө обьектерин курууга жалпы 1,4 га жер аянтын көрсөтүлүптүр. Бул эскиздик ген планды Чет-кызыл- айылынын тургундары менен элдик чогулуш өткөрүп эл менен макулдашып протокол менен алып келсе жакшы болот деген сунушун айтты. Сунушту жалпы добушка салганыбызда баардык комитеттин депутаттары колдошту.
7 Кара-Бак айылдык кенештин депутаты Д.Сапаров жеке арыз менен кайрылып Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Бел айылындагы базар айыл өкмөттүн бюджетине киреше алып келбей натыйжасыз иштеп жаткандыгын айткан. Д.Сапаров бул базарды өзүңүздөргө маалым өрүк базарда кылып иштетип көрдүк ал да өз максатына жетпеди.Ошол себептен бул базарды Кызыл-Бел айылында жеке ишкердик кылам жер жок деп көп жарандарыбыз жүрөт ошол ишкердик кылам деген жарандарыбызга берүү үчүн төмөнкү сунуштарды сунуштаган.
- Муниципалдык базардын аймагын талапка ылайык бирдей квадраттарга (лотторго) бөлүү
- Бөлүнгөн жер тилкелерин жергиликтүү ишкерлерге жеңилдетилген шартта же аукцион аркылуу ижарага берүүнү
- Бул кадам аркылуу айыл өкмөттүн бюджетин туруктуу киреше киргизүү жана жаңы жумуш орундарын түзсө болот деп сунуштаган.
Комитеттин депутаты К.Бердибаев депутатыбыз Д.Сапаровдун сунушу өтө туура жазылыптыр Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы бош жаткан муниципалдык жерлерди Д.Сапаровдун айтканыдай кылып арендага берсек өзүбүздүн жергиликтүү бюджетибизге киреше кирип жакшы болбойбу мен Д.Сапаровдун сунушун колдоймун деди. Сунушту жалпы добушка салганыбызда баардык комитеттин депутаттары колдошту.
8 Кара-Бак айылынын тургуну Мамажон уулу Рустамбек жана жергиликтүү кенештин депутаты Амитов Эрмек Кара-Бак айылынын центиринде жайгашкан бүтпөй турган спорт комплексти ижарага берүүнү суранган.
Жер комитетинин депутаты К.Бердибаев бул спорт комплекс канча убакыттан бери бүтпөй жөн эле иштебей айыл өкмөттүн бюджетине киреше алып келбей жөн эле турат, ошондуктан менин сунушум Спорт комплекс толук бүткөнгө чейин убактылуу соода сатык кылуу үчүн макулдук берсек жергиликтүү бюджетке киреше алып келет.Ошондуктан өкмөт мыйзамдын негизинде эки жарандын сунуштарын угуп көрүп ижарага берсе деген сунушун айтты. Сунушту жалпы добушка салганыбызда баардык комитеттин депутаттары колдошту.
9 Кара-Бак айыл өкмөтү кат менен кайрылган “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралары.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,13-беренелерин ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Мыйзамынын 13,17 – беренелериндеги сөөк коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоону бекитип берүүнү суранган.
Комитеттин депутаты Г.Айжигитованын айтымында маркумду жайга коюуга Кара-бак айыл аймагында ашып кетсе маркумду 4 м2 жерге коюулат анан наркын балоону мыйзамдуулук комитетиге же болбосо финансы комитети эсептеп чыгып карап берсе жакшы болот деген жеке оюн айтты.Андан кийин сөз берилип К.Темурбаев сөөк коюу боюнча кызмат корсөтүулөрдүн наркын аныктоону жалпы сессияга сунуштасак кандай болот деген сунушун айтты. Сунушту жалпы добушка салганыбызда баардык комитеттин депутаттары колдошту.
10 Кызыл-Бел айылынын тургуну Абдуллаева Насиба арызы жазып ал өз арызында Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясында 2025-жылдын 23-сентябрындагы №66 токтомундагы катар саны №8 токтомго өзгөртүү киргизгенге жана макулдук берүү жагын суранган жана ал жердин өз ээси мурдатан бери пайдаланып жүргөн Кызыл-Бел айылынын 1987-жылы туулган Балтабаев Алимбек Осоровичке чыгарып берүүну суранган. Комитеттин депутаты К.Темурбаев бул иш боюнча менин маалымат бар Абдуллаева Насиба айткандай бул жер өзу А.Балтабаевдыкы кандайдыр бир себептер менен токтом Абдуллаева Насибага чыгып калган азыркы күндө Н.Абдуллаева жерден толук баш тарткан жана жер бүгүнкү күндө бош биз № 66 токтомго өзгөртүү киргизүүгө макулдук берсек болот деген сунушун айтты.
Сунушту жалпы добушка салганыбызда баардык комитеттин депутаттары колдошту.
Төрага К.Темурбоев
Мүчөлөр К.Бердибаев
Г.Айжигитова
К.Акматова
Д.Имаралиева
А.Мадмаров
Ж.Мийдинова
З.Осмонов
