Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын
№____ Протоколу
Кара-Бак айылы «___» _________ 2026-жыл
Комиссиянын төрагасы: Амитов Э.
Комиссиянын мүчөлөрү: Амиракулов К., Алтынбек уулу А., Тажибай уулу Бакытбек, Сапаров Д.
КҮН ТАРТИБИ:
- Кара-Бак башталгыч жалпы билим берүү мектебине ысым ыйгаруу боюнча келип түшкөн сунуштарды кароо.
- Дөбө жалпы билим берүү мектебине мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун ысымын ыйгаруу маселеси.
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн орун басары К. Амиракуловдун Зардалы айылын «Зардалы органикалык аймак» деп жарыялоо боюнча кайрылуусу.
- Кара-Бак айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги объекттерге, мекемелерге жана көчөлөргө ат коюу жана алардын атын өзгөртүү тартиби жөнүндөгү Жобону кароо.
МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ТАЛКУУ ЖАНА ЧЕЧИМДЕР:
1-маселе боюнча: Кара-Бак башталгыч мектебине ат берүү боюнча эки тараптуу сунуш түшкөнү белгиленди: мектеп жамааты тарабынан Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын берүү жана жаран Абдикарим Чотбаев тарабынан атасы Жусуп Чотбаевдин ысымын берүү сунуштары.
- Комиссиянын чечими: Маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен, эки сунуш тең депутаттардын добуш берүүсүнө сунушталсын.
2-маселе боюнча: Дөбө жалпы билим берүү мектебине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун ысымын ыйгаруу боюнча сунуш каралды.
- Комиссиянын чечими: Дөбө жалпы билим берүү мектебине Төрөбай Кулатовдун ысымы ыйгарылсын.
3-маселе боюнча: Зардалы айылын «Зардалы органикалык аймак» деп жарыялоо боюнча 2020-жылдын 24-июнундагы №50 токтому юстиция органдарынан каттоодон өтпөй калгандыгына байланыштуу, маселени кайрадан токтом менен бекитүү зарылдыгы талкууланды.
- Комиссиянын чечими: Зардалы айылын экологиялык таза аймак катары өнүктүрүү максатында «Зардалы органикалык аймак» деп жарыялоо боюнча жаңы токтом чыксын.
4-маселе боюнча: Муниципалдык объекттерге жана көчөлөргө ат коюуну тартипке келтирүүчү Жобонун долбоору каралды.
- Комиссиянын чечими: Кара-Бак айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги объекттерге, мекемелерге, көчөлөргө ат коюу жана алардын атын өзгөртүү боюнча Жобо толугу менен жактырылсын жана сессиянын кароосуна сунушталсын.
Комиссиянын төрагасы: _________________ Амитов Э.
Комиссиянын мүчөлөрү:
- _________________
- _________________
- _________________
- _________________
