Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 13-мартындагы “Аталар жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө”мыйзамын аткаруу максатында Баткен районунун аймагында “ Аталар күнүн жана Энелер күнүн” уюштуруп өткөрүү максатында №15 токтому чыгарылып, анын алкагында Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 2026-жылдын 16-мартындагы №42 сандуу буйругу чыгарылган.
Аталарга жана энелерге колдоо көрсөтүү максатында айыл аймактын улгайган аталарына материалдык жана моралдык жактан жардамдар көрсөтүлдү. Айыл өкмөттүн соц кызматкерлери жана соц адистери үйлөрүнө барышып, кабар алышып, белектерин берип келишти.

