Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиевдин 2026-жылдын 16 -апрелиндеги #01-19/10 сандуу Тескемесинин негизинде Тилеков Искендербек Каттабекович Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.
Жаны айыл өкмөт башчыны Кара-Бак айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатына Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Сүйүнбай Сатыбалдиев тааныштырып, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.
Искендербек Тилеков -билими жогорку. Кесиби боюнча-юрист жана салык салуу боюнча адис. Кара-Булак айылдык кенешине депутат болуп шайланган жана айылдык кенештин төрагасы, Дара жана Алтын-Бешик айыл өкмөттөрүндө айыл өкмөт башчы кызматтарында иштеген.
И.Тилеков Баткен районуна караштуу азыркы Бужум айылында 1986-жылдын 12-апрелинде төрөлгөн. Үй-бүлөөлүү.



